Чек ара кызматынын өкүлүн белгисиз бирөөлөр бычактап кетишти

30-апрелде, түнкүсүн Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен үйүнө бара жаткан М.Д. аттуу жаранды белгисиз бирөөлөр бычактап кетишкен. Окуядан соң жабыркаган адам Чек ара кызматында айдоочу болуп иштегени белгилүү болду. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматы кабарлады. Анын оң жак көкүрөгүнө бычак тийип жана башынан бир канча жаракат алган ал Бишкектеги травмотология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Учурда абалы орточо экендигин дарыгерлер билдиришүүдө. Ал эми бул иш боюнча Свердлов РИИБинин кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан