"Ош-Тазалык" ишканасы таштандылар үчүн төлөм тарифин 5 сомго көтөрдү
"Ош-Тазалык" ишканасы таштандылар үчүн төлөм тарифин 5 сомго көтөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, төлөмдөр үчүн баалар 2017-жылдын январь айынан баштап Ош шаардык кеңешинин сессиясында бекитилип, кабыл алынган.
"Буга чейин жер үйдүн жашоочулары ар бир адамга 25 сомдон төлөп келишсе, 2017-жылдын январь айынан тарта 30 сомдон төлөй башташат. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары 20 сомдон төлөп келсе мындан ары 25 сомдон төлөйт. Таштандынын акысы "Ош-Тазалык" ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдап алуу максатында жогорулады. Кошумча чогулган акча каражатынын эсебинен буга чейин каралбай жүргөн көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын карай турган кошумча жумушчу оруну ачылат. Андан тышкары жаңы техника, таштанды үчүн жаңы урналарды алуу пландары коюлган", - деп билдирдирди басма сөз кызматы.
Акырындап бааны которуп жатасынар,,,Тазалыкта иштеген кочо шыпырган,мусур ташыган кызматкерлердин айлык акыларын да которгуло,,,Эл ширин уйкуда уктап жатканда алар суукту-суук дебей ысыкты-ысык дебей кочо тазалашат,,,эл эмгегин баалайлы
+4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.