Ошто ун азыгына катылган маңзат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-февраль күнү милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек-Ош жолунун 618-чакырымында Тойота үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Тинтүү учурунда 10 килограммдык ун азыгынын ичине катылган 961 грамм салмактагы маңзат табылган. Аталган факты боюнча Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Б.Б. аттуу тургунуна кылмыш иши козголгон.
"Андан сырткары тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн таанышы Ош шаарынын тургуну К.Бнын үйүн тинтүү учурунда 2 килограммга жакын маңзат табылды. Ош ОИИБнин химиялык экспертиза бөлүмүнө жөнөтүлүп, "гашиш" экени аныкталган. Бүгүнкү күндө кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти ИИМден.