Чоң-Алай айыл аймагында 2 унаа кар көчкү астында калды

Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагындагы Дароот-Коргон-Чак-Жаштилек унаа жолунун 0,3-чакырымындагы Балтырганды участкасында 13-февралда саат 15:50 чамасында көлөмү болжол менен 3000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол жабылып калган. Натыйжада, унаа жолдон өтүп бараткан 2 жеңил унааны (1 Матиз, 1 Нива) кар көчкү басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Ошондой эле, Сары-Таш-Карамык унаа жолунун 98-чакырымында көлөмү 500 метр куб болгон кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Жабыркагандар жок.

Райондук ЖТИ-16 ишканасынан 1 жүктөгүч, 2 грейдер, Чон-Алай айыл аймагынан 2 жүктөгүч жана Кытай Эл Республикасына таандык “Кайди” алтын чыгаруучу ишканасынан 1 жүктөгүч жол тазалоо жумуштарына тартылган.

"13-февраль күнү кар көчкүнүн астында калган 2 жеңил унаада (Матиз унаасында 2 адам, Нива унаасында 5 адам) болгон 7 адам, райондук №16 ЖТИнин кызматкерлери тарабынан унаадан чыгарылган. Ошондой эле тийиштүү техникалардын жардамы менен саат 17:30да унаа жол бир тараптуу ачылган жана кар көчкүдө калган 2 унаа чыгарылып, жүргүнчүлөр сак саламат өз багыттары менен кетишкен. Унаа жолду тазалоо иштери улантылууда", - деп билдиришкен министрликтен.

Ошондой эле, Сары-Таш-Карамык унаа жолуна түшкөн кар көчкү, Чоң-Алай айыл аймагынын жана №16 ЖТИнин техникалары менен тазаланып, саат 16:25те толук ачылганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bahbrat
2017-02-14 10:13:29
Фото в студию!!!
+4
akil.91
2017-02-14 13:38:28
Бул жылы кар коп жааган го э Кыргызстанда...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан