Чүйдө классташтары тарабынан сабалган окуучу кыздын окуясы боюнча учурда милиция кызматкерлери жана мектеп жетекчилиги тарабынан түзүлгөн жумушчу топ иш алып барууда. Окуучу кыз азыркы тапта дарыланып жатат. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн мектепке бардык.
Классташ кыздары тарабынан сабалды деген Милана Бейшенбаева 6-класстын окуучусу. Ал окуган №2- Беловодск орто мектебине барганыбызда мектептин директору өзүн сүрөткө тарттыруудан баш тартып, маек берүүнү да каалаган жок. Бирок бир аз убакыттан кийин кайра окуянын жүрүшүн айтып берүүнү чечти. Мектептин мүдүрү окуучулар арасында "Космостон салам" деген оюн таптакыр жок, болгон эместигин айтты.
"Бул иш мектептин деңгээлинде чечиле турган меселе болчу. Бүтүндөй коомчулукка жар салып, айтып чыккыдай иш эмес эле. Анткени бала кезде биз да кубалашып ойночубуз. Бул күнү кыздын ден соолугуна эч кандай доо кеткен эмес. Окуучулардын оюну ызы-чууга себеп болуп калды. Ал күнү мен мектепте жок болчумун. Мугалим классты таштап 3 мүнөттөй сыртка чыгып кеткен экен. Ошол убакта кыздар куушмай ойногон. Андан соң сабак бүтүп, тарап кетишкен. "Космостон салам" деген оюн биздин мектепте жок. Бейшенбаеванын буга чейин башында шишиги бар экен. Ал бул күнү жараат алган эмес", - деп билдирди Беловодск орто мектебинин директору Замир Осмоналиев.
Директордун маегинен кийин мектептин айланасында жүргөн Милананын классташ балдарына жолугуп, окуянын кандай болгонун сурадык. "Бизде "Космостон салам, космос менен байланыш" деген оюн бар. Бирок муну кыздар гана ойношот. Оюндун тартиби боюнча кубалаган кыз качып баратканга жетип, акырын башына чабат. Бул күнү кыздар ошол оюнду ойношкон", - деп билдирди 6-класстын окуучулары.
Бүтүндөй коомчулукка тарап, сабалды делген кыздын иши боюнча учурда жергиликтүү жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал учурда Милананы таенеси Жаңылкан Бегалиева менен баарлаштык.
"Неберем кечки саат 17:00дөр чамасында келди. Ал аябай ыйлап алыптыр. Эмне болду десем айталбай эле ыйлай берди. Көрсө аны классташ кыздары чогулуп сабашыптыр. "Башым айланып жатат, бир кыз жетелеп келди" дейт. Алар "Космостон салам" деген оюнду ойношуптур. Оюндун шарты боюнча канчалык сабалса да ыйлабай мугалимге, ата-энесине айтпашы керек экен. Неберем келгенден кийин башы айланып, кусканы токтобогондон улам ооруканага алып барсам, дарыгерлер "олуттуу иш экен" деп милиция чакырышты. Биз арыз жаздык. Окуя курчуп турган чакта Москва районунун жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору "небереңизди башка мектепке которбойсузбу" деди. Ал бул сөздү айтпай туруп мектепти тартипке келтириш керек эле", - деп нааразычылыгын билдирди Бегалиева.
Кыздын таенеси менен таятасы мектептеги кылмыштуулукту, рекетчиликти жана эки жаат болуп бөлүнүүчүлүктү жоюу зарылдыгын айтышты. Антпесе келечекте окуучулар кылмышкер болуп калуусу мүмкүн экендигин кошумчалашат.
"Милананын апасы жолдошу менен ажырашып кеткен. Ал азыр Орусияда иштеп жатат. Кызымдын сабалышы боюнча окуянын учугу бир жыл мурда башталган. Ал убакта кызым ыйлап келди. Бир бала менен урушуп кетиптир. Анткени ал күндө эле анын чачынан тарта берчү экен. Мен мугалимине айтып жараштырып коюусун өтүндүм. Мындан улам ал окуучулардын көзүнчө неберемди урушуптур. Ошондон кийин классташтары "сен ата-энеңе айтып койдуң" деп Милананы жаман көрүп калыптыр. Неберем 1 жыл бою жалгыз бөлүнүп жүрүптүр. Сабалып жабыркасаң ата-энеңе же кимдир бирөөгө айтуу окуучулардын жазылбаган мыйзамы боюнча тыюу салынат экен. Азыркы күндө мектеп түрмөнүн, аскердик кызматтын мыйзамы менен жашап жатат. Мындайды токтотуш керек", - деп кошумчалады Милананын таятасы Жумалы Бегалиев.
Ал эми Милананын азыркы абалы боюнча дарыгер Болот Наврузов окуучунун абалы боюнча төмөндөгүлөрдү айтып берди.
"Бул кызды бизге 9-февралда кечки саат 20:05те таенеси алып келди. Ал учурда нөөмөттөгү дарыгер кабыл алып, баш мээси чайкалган деген диагноз койгон. Учурда абалы туруктуу. Буга чейин кыздын башындагы эски жарааты барбы, жокпу бул боюнча айта албайбыз", - деди ал.
Милана Бейшеналиева окуя тууралуу буларды айтты: "Бул күнү сабак учурунда мугалим чыгып кеткен эле. Ошол маалда бир кыз "Космостон салам" деп уруп баштады. Тура калып аны урайын десем, башка кыздар мени уруп киришти. Ал эми башкалар колумдан кармап турушту. Мындан кийин сабак бүтүп, жакын жердеги үйүмө жете албай башым айланып, кусуп кыйналдым. Бул күнү мени 10дон ашуун кыз сабады. Кыздар мени буга чейин кошпой бөлө беришчү. Мен мурда чанадан жыгылганым ырас. Андан бери 2 ай өттү. Бирок төбөм менен кулаган эмесмин. Башымдын айланып, оорушу кыздар ургандан кийин башталды".