Сабалган журналист кылмыш иши ачылгандан кийин кайра тосмо арыз жазды

Бишкекте белгисиз адамдар тарабынан сабалган журналист кылмыш иши ачылгандан кийин кайра тосмо арыз жазды. Маалыматты 14-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу Амантур Мусагулов арыз менен Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына кайрылган. Анын негизинде бир катар материалдар чогултулуп, "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок кылмыш иши ачылгандан кийин эле Мусагулов милицияга кайрылып, тосмо арыз жазып берген. Ал өзүн сабаган жарандарга эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Буга чейин активист Адил Турдукулов Фейсбуктагы баракчасына "Де-Факто" гезитинин редактору Амантур Мусагуловду 10-февраль күнү саат 21:30 чамасында белгисиз адамдар сабап кетишти" деп билдирүү калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Han99
2017-02-14 10:28:11
Бийлик жактанн коркуттуда олтуром деп
+3
nur...nur.
2017-02-14 10:50:18
Аа сабалган адам кантип эле жондон жон эле тосмо кат берсин.Бечераны бироо коркутуп жаздырды да кудай бар жазасын алат
+10
kenjebek_a
2017-02-14 10:58:52
Коркуткан го.
+5
Albinka.87
2017-02-14 11:21:12
Коркуткан же акча берип арызынды ал дешсе керекта.
+3
Elmar
2017-02-14 11:23:33
Коркуткан жоок акчадан берди да тынчытты ишти азыркы заманда баарын акча чечип калгаан...
0
UlukmanKalyev
2017-02-14 11:40:23
Анда не жазат арызды...
+2
almazbei
2017-02-14 14:57:11
Дооматы жок болсо, озу барып сузуп алган экен да?!
0
abusait
2017-02-14 15:29:24
Озундо куноонун баары. Соз эркиндиги деп эле аттуу баштуу адамдарды арам жаныбарларга тенеп айтса боло береби ?!!
0
admin_portal
2017-02-14 15:31:45
abusait, этика нормаларын сактаңыз!
0
Kroxa
2017-02-14 23:48:19
Эми тушунуктуу го,тосмо арыз не себептен жазылаары..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан