Мамлекеттик бажы кызматы төрагасынын биринчи орун басары Алтынбек Торубаев Кытай менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода жүгүртүмүнүн суммасы эмнеге дал келбей жатканын түшүндүрдү. Анын айтымына караганда, эки башка сумманын келип чыгышына эсептөө системиндеги айырмачылык себеп болгон.
"Кытай менен болгон товар жүгүртүүнүн көлөмү биздеги маалыматтар менен дал келет. Бирок акчалай эсептей келгенде айырмачылыктар бар. Буга Кытай тараптын транзиттик товарларды дагы кошуп эсептеп койгону себеп болууда", - дейт Торубаев.
Айта кетсек, 2016-жылы Кытай менен болгон соода жүгүртүмүнүн көлөмү 545 миң 366 тоннаны же 1 миллиард 152 миллион долларды түзгөн.