Кыргыз мамлекетине дары-дармектин 97 пайызы импорттолуп келет. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда парламенттеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директору Гүлмира Шакирова билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 3 пайыз гана дарылар даярдалат. Жалпы товар жүгүртүү көлөмү – жылына 10 миллиард сом.
Ал эми “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев дарылардын канчасы аткезчилик жолу менен келе турганын сурады.
Аталган департаменттин директорунун орун басары Жаңыл Жусупова бул суроо аларга тийиштүү эмес экенин билдирди. Ошол эле учурда ал 2016-жылы дарыканаларда 100 миң сомдук дарылар аткезчилик жолу менен алынып келингени белгилүү болгонун кошумчалады.