Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен жолугушууда калкты жана инфраструктуралык объектилерди мүмкүн болгон тобокелчиликтерден коргоо чараларын өркүндөтүү маанилүү экенин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда министр Чүй облусунун Сокулук районунун Дача СУ тилкесинде учактын кыйроосунун кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жүрүшү, ошондой эле жабыр тарткандарга жардам берүү жана алардын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу президентке баяндап берди.
Мамлекет башчысы ошондой эле республикада мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардан калкты сактоо жана тобокелчиликтерди минималдаштырууну камсыз кылуу үчүн алдын алуучу жана превентивдүү чараларды көрүү боюнча аткарылып жаткан иштердин комплекси жөнүндө да кеңири маалымат алды.
Президент Алмазбек Атамбаев жаратылыш кырсыктарын кылдат мониторинг жүргүзүү жана алдын ала божомолдоо зарыл экенин белгиледи.