Бажы кызматы: Аткезчилик жүктөрдүн көбүн импорттук товарлар түзөт

2016-жылы Бажы кызматы тарабынан 1081 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Мирлан Мурзалымбеков билдирди.

"Башкармалык тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарлардын агымын көзөмөлдөө боюнча чараларга өзгөчө көңүл бурулду. 2016-жылы 1081 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Анын ичинен 886 административдик жана 195 кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында 222 миллион 575 миң сом өкмөттүн каржы бөлүгүнө төгүлгөн. Аткезчилик жүктөрдүн көбүн импорттук товарлар түзөт", - дейт Мурзалымбеков.

Айта кетсек, мыйзам бузуу фактылары боюнча 2012-жылы 55, 2013-жылы 145, 2014-жылы 148, 2015-жылы 156 кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан