Сот айрым социалдык түйүндөрдү чектөө боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырды

Кыргыз Республикасында айрым социалдык түйүндөрдү чектөө өтүнүчүн Бишкектин Октябрь райондук соту канааттандырды. Маалыматты 14-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти. Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура айрым шилтемелердеги маалыматтар өспүрүмдөргө психикалык жактан зыян тийгизери аныкталганын айтып, сотко аларды чектөө өтүнүчүн жолдогон эле.

Райондук сот айрым социалдык түйүндөрдөгү шилтемелер өспүрүмдөр арасында суицид идеясын пропагандалап жатканын, интернетте оюн аркылуу жаштарды өзүн-өзү өлтүрүүгө чакырыктар бар экени аныкталганын билдирди. Ал эми Башкы прокуратура социалдык түйүндөрдө суицид идеясын пропагандалаган оюндарды жайылтууга каршы чараларды иштеп чыгуу боюнча конкреттүү сунуштарды айтып өкмөткө кат жолдогону белгилүү болду. Эмне сунуштар экени айтылган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан