Бишкекте эртең, 15-февралда “ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстер” аталышындагы эл аралык форум өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Ага Орусиянын Аймактык саясат институтунун ректору Е.Бородин, Татарстандан “Саясий технологияларды стратегиялык изилдөө борборунун” жетекчисинин орун басары Р.Галимов, Казакстандан экономика илимдеринин кандидаты, көз карандысыз эксперт Чукин Алмас өңдүү чет өлкөлүк көрүнүктүү саясатчы-эксперттер катышат.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин 5 фракциясынын лидерлери жана өкмөт мүчөлөрү доклад жасашат. Мындан тышкары мурунку өкмөт башчылар Т.Сариев, А.Мураталиев, Ж.Сатыбалдиев жана А.Келдибеков, М.Султанов өңдүү саясатчылар катышат.