Элчилик: "Анкаранын Кызыл-Ай аймагында адам өлтүрүү фактысы катталган эмес"

Кечээ, 13-февралда социалдык тармактарда Анкарада кыргыз кызы киши колдуу болуп каза тапканы жазылып, сүрөттөр жарыяланган. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги бул маалымат такталбай жатканын бүгүн, 14-февралда SUPER.KG порталына кабарлады.

"Бул маалымат такталбаган маалымат. Окуя Кызыл-Ай аймагында болгон деп жатышат, бирок бул аймакта адам өлтүрүү боюнча факт катталган эмес", - дешти элчиликтен.

Окуянын болгону же болбогону боюнча азыр да тактоо аракеттери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Айрым колдонуучулар сүрөттөгү кыз жалал-абаддык дешсе, айрымдары чүйлүк экенин жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан