Бекжан Супаналиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу 14-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Супаланиев Бекжан Төрөбаевич 1977-жылы 11-июлда Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында төрөлгөн. 2011-2012-жылдары президенттик аппараттын аймактык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүм башчысынын орун басары болгон.
2012-2014-жылдары Өкмөт аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бөлүмүнө караштуу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу секторунун эксперти, 2014-2015-жылдары өкмөттүн өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти, 2015-2016-жылдары өкмөттүк аппараттын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бөлүмүнүн инспектору болуп иштеген.
2016-жылдын апрель айынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.