Улуу Ата Мекендик согушта Ржев шаарындагы салгылашууда 17 миңден ашуун кыргыз жоокери курман болгондугу аныкталды (тизме)

"Баатырлардын урпактары" демилгечилер тобу, айрым коомдук уюмдар Орусиянын издөө топтору менен биргеликте жүргүзүп жаткан "Жеңиштин ысымдары" акциясынын негизинде Орусиянын Ржев шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Кыргыз жоокерлердин ысымдарын аныктоо иштерин жүргүзүшүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 14-февралда өткөн маалымат жыйынында демилгечилер билдиришти.

"Баатырлардын урпактары" кыймылынын уюштуруу комитетинин башчысы Таалатбек Масадыковдун айтымында, издөө иштери Улуу Ата Мекендик Согуштун 72 жылдыгына карата бир ай мурда башталган. Долбоордун максаты - Ржев облусунда курман болгон Кыргыз мамлекетинин жоокерлеринин жакындарын табуу, жаштардагы өз элинин тарыхына болгон сый мамилени калыптандырып, аларды аскердик-патриоттук рухка тарбиялоо.

"Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ржев шаарынан 35 чакырым алыс жердеги токойдо болжол менен 17 миңден ашык Кыргыз аскери курман болгондугу белгилүү болду. Ушул убакытка чейин Ржев шаардык администрациясы тарабынан алардын 68инин ысымы жиберилген. Алардын 43үн тактадык. Тизмедеги жоокерлердин аттары ката жазылган болушу мүмкүн. Эми өлкөнүн 7 дубанынан курман болгондордун жакындарын издөө иштерин жүргүзөбүз", - деди Т.Масадыков.

КРнын Улуттук Гвардиясынын ардагерлеринин төрагасы Камчыбек Курбаналиев буга чейин согуш болгон аймактарда курман болгон мекендештерибиздин айрымдарынын сөөгү өз өлкөсүнө жеткирилгендигин айтып, Ржев салгылашуусунда курман болгон Кыргыз аскерлерине эстелик орнотуу керектигин баса белгиледи.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ржев шаарында курман болгон Кыргыз жоокерлеринин тизмеси

  1. Батаканов Узенкыяз (1912-1943) Тянь-Шань облусу, Тогуз-Торо району, "Кайыңды" колхозу.
  2. Калыгулов Насыр (1921-1942) Тянь-Шань облусу, Жумгал району, Башкугансех колхозу.
  3. Кейдегасыев Жумакадыр (1905-1942) Тянь-Шань облусу, Кочкор району, Карасое колхозу.
  4. Кыштыбаев Мойдин (1911-…) Тянь-Шань облусу, Жумгал району, Куйбышев атындагы колхоз.
  5. Ажилбаев Абдразак (1904-1943) Тянь-Шань облусу, Жумгал району "Когай" колхозу.
  6. Каныев Кадыр (1908-1943) Тянь-Шань облусу, Тогуз-Торо району, "Дгодомель" колхозу.
  7. Алеев (Алыев же Алиев) Телевай (Төлөбай), (1920-1942) Фрунзе облусу, Киров району.
  8. Карякин Николай Кириллович (1915-1942) Фрунзе облусу, Кант району, Ивановка айылы.
  9. Дубенцев Иван Егорович (1905-1942) Фрунзе облусу, Калинин району, Сара букет айылы.
  10. Тойчубеков Мататай (1909-1942) Фрунзе облусу, Кант району, Сирды-Мар айылы.
  11. Радченко Александр Трофимович (1919-1942) Фрунзе облусу, Калинин району, Карабашты айылы.
  12. Власов Николай Иванович (1917-1942) Фрунзе облусу, Ворошилов району, Кызыл-Аскер айылы, Средняя 8 көчөсү.
  13. Чекибаев Иман (…-1943) Фрунзе облусу, Чүй району, Акбешим айылы.
  14. Данияров Сыгинал, (1904-1942) Фрунзе облусу, Сталин району, Кирово айылы.
  15. Кучербаев Пектурган, (1902-1942) Фрунзе облусу, Кант району, Тусуй айылы, Молотов атындагы колхоз.
  16. Епифанов Иосиф Дмитриевич (1902-1942) Фрунзе облусу, Кант району.
  17. Сартоков Василий Сидорович, (1904-1942) Фрунзе облусу, Фрунзе шаары, Жамбул көчөсү, 49.
  18. Каримов Майрамкул, (1895-1942) Фрунзе облусу, Калинин району, Луговая көчөсү, 32.
  19. Бобров Михаил Петрович, (1916-1942) Фрунзе облусу, Калицк району, Ново-Покровка айылы.
  20. Кравцов Демид Степанович, (1904-1942) Фрунзе облусу, Сталин району, Садовое айылы.
  21. Литовченко Алексей Федорович, (1909-1942) Фрунзе облусу, Ворошилов району, Төмөнкү Алаурнск айылы.
  22. Ушников Михаил Гаврилович (1909-1942) Фрунзе облусу, Калинин району, Ставропольск айылы.
  23. Христич Николай Васильевич, (1907-1942) Фрунзе шаары, Киров көчөсү.
  24. Гусев Григорий Яковлевич, (1910-1942) Фрунзе облусу, Калинин районун, Пузов айылы.
  25. Ариков Кукумбай (1897-1942) Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Агалей айылы.
  26. Мамбеткази Тушибат, (1923-1942) Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Лынсист айылы.
  27. Кудайбергенов Кадыр, (1917-1942) Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Актерск айылы.
  28. Бакуменко Георгий Сергеевич, (1912-1942) Ысык-Көл облусу.
  29. Кроль Владимир Евст., (1921-1942) Ысык-Көл облусу, Прежевальск району, Соколов айылы.
  30. Тилембаев Мукамбетов, (1902-1942) Ысык-Көл облусу, Түп району.
  31. Жисналиев (Жееналиев болушу мүмкүн) Жакшыбай (1914-1943) Ош облусу, Чоң-Алай району, Кызыл-Майрам айылы.
  32. Абдрасимов Надыр, (1910-1942) Баткен облусу.
  33. Аманов Түлөн, (1912-1942) Баткен облусу.
  34. Барыбаев Азенбай, (1922-1942) Баткен облусу.
  35. Кулмамбетов Айтпай, (1906-1943) Ош облусу.
  36. Садыков Газбек, (1916-1942) Ош облусу, Молотов району.
  37. Телекуп Абдурасул, (1912-1943) Ош облусу, Араван району, Кызыл-Тахта айылы.
  38. Осмоналиев Тимерзан, (1912-1943) Ош облусу, Өзгөн району.
  39. Анашкин Иван Георгиевич, (1903-1942) Иркутск облусу, Ош райондук аскердик комиссариаттан барган.
  40. Кутуев Матутобек, (1914-1942) Ош облусу, Өзгөн району.
  41. Чакыев Жумашей, (1907-1943) Жалал-Абад облусу, Токтогул району.
  42. Шабданов Шайлоо (1921-1942) Жалал-Абад облусу,Ала-Бука району, Ак-Коргон айылы.
  43. Эгембердиев Өмүрзак, (1907-1941) Жалал-Абад облусу, Сузак району.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mirlan5
2017-02-14 16:11:49
Жаткан жерлери жайлуу болсун Аллах субахан таала жаннаттан орун берсин.
0
BlackMan
2017-02-14 16:14:50
Калган 16957 адам кана? же мага көрүнбөй жатабы?))
-2
Taku.14.02
2017-02-14 16:19:55
Анын барын жазыш учун эки жума кететго . Бирок 23 февке чейин жазып койушса болмок
0
zhykyo
2017-02-14 16:24:19
Маанаев Осмон тактап корунуздорчу Ысык-Кол мумкун бар же жок ? дайынсыз
0
tolik_t
2017-02-14 16:48:21
Минбаев Тургунбай Ош областы тизме болсо тактап бериниздер
0
talas0707
2017-02-14 19:28:50
Менин да чон атам Омуралиев Мендиш Ржев салгылашуусунда каза болгон. Соогу табылып быйыл алып келип жерге бердик. Булар кыргыздын баатырлары!
+3
Ali-91
2017-02-14 21:11:41
АЛЛАХ рахматына алып,бейишинен
орун берсин.Амиин.
+2
33SUUN
2017-02-15 05:31:47
Чоон таазим кылабыз сиздерге
.Биздин бейпил жашообуздун курмандыгы болгондугунуздар учун.!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан