Швейцария лидери жаңы Кыргыз президентин шайлоо өлкөдө демократияны бекемдейт деген үмүттө

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы менен Швейцариянын ортосунда дипломаттык байланыш түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата Швейцариянын президенти Дорис Лойтхардга куттуктоо жиберди.

Куттуктоо телеграммасында мындан 25 жыл мурда Швейцария Кыргыз өлкөсү менен дипломатиялык мамиле түзгөн дүйнөдөгү алгачкы өлкөлөрдөн болгону айтылат. Эки өлкөнүн кызматташтыгы туруктуу бекемделип келе жатканы, саясий диалог жакшырганы белгиленет. Атамбаев Швейцарияга жасаган сапарында өзгөчө таасир калтырганын да айтты.

Ушундай эле куттуктоону Швейцария президенти Кыргыз өлкөсүнүн жетекчисине да жолдогон.

"Биздин өлкөлөрдүн географиялык жана топографиялык шарттары боюнча көп окшоштугу бар, ички руху жагынан жакындыктын мааниси андан да бийик. Швейцария Кыргыз мамлекетинин соӊку 25 жылдагы демократия жолундагы аракеттерин баалайт. Сиздин жетекчилигиӊиз алдында быйыл өтө турган шайлоолор тынчтык, плюралисттик жана бакубаттык келечекке негиз түзүү менен демократияны бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем", - деп айтылат ал жиберген телеграммада.

Маалыматты 14-февралда президенттик аппарат таратты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан