Чүй облусунун Кант шаарынын тургуну өзүн-өзү атып, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга окуя тууралуу маалымат 11-февраль күнү саат 00:35 чамасында келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ 1972-жылы туулган К.Т. аттуу эркек адамдын үйүндө өзүн-өзү атып алганына күбө болушкан. Факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Туугандарынын айтымында, маркум ошол күнү көңүлү жок абалда келип, экинчи кабаттагы уктоочу бөлмөгө көтөрүлүп кеткен. Кийин мылтыктын атылганы угулган.