Ооганстандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 28 жылдыгына карата Бишкектин төрт районунда иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу 14-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Свердлов райондук администрациясы А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында ооган согушуна катышкандарга, каза болгон жоокерлердин ата-энелерине акчалай жардамды тапшырды. Ошондой эле театрдын артисттери концерттик программасын тартуулашты. Райондун социалдык өнүгүү башкармалыгында 166 жоокер каттоодо турат, алардын 8инин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген.
Биринчи Май райондук администрациясы Шубин атындагы музыкалык мектепте өткөргөн эскерүү кечесине Ооган согушуна жана Баткен согушуна катышкандар, каза болгон жоокерлердин жакындары болуп жалпы 194 адам катышты. Анда кыска метраждуу тасма көрсөтүлүп, концерт коюлду. Ушундай эле иш-чаралар Октябрь жана Ленин районунда да өткөрүлдү. "Ооганстандагы жана Баткендеги согуштук аракеттердин катышуучулары, каза болгон жоокерлердин жакындары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер Бишкектеги райондордун көзөмөлүндө турушат", - деп айтылат маалыматта.