ЭЛДИК КАБАРга жооп: Лейлек районунун акими: "Айбийке айылын таза суу менен камсыздоо аракетибиз ишке ашпай жатат"

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Айбийке айылында таза суу көйгөйүн чечүү аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда SUPER.KG порталына Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

"Негизи бул айылда таза суу түтүгү болгон. Акыркы жылдары бул тармакты караган киши калбай калган. Мындан улам айыл элинде таза суу көйгөйү жаралган. Суу маселесин чечүүдө өкмөттүк эмес уюмдарга долбоор жазып, сунуштап келебиз. Буга чейин бир нече жолу аракеттерди кылып, колдоо таппай келген. 19-февралда өтө турган облустук жыйында сунуштайбыз. Айылдыктар жалгыз булактан суу ичет деген туура эмес. Таза суу, сугат суу бар. Бирок жетишсиз", - деп билдирди район акими.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунда калктын 80 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Район аймагында 10 айыл, аймакта 47 айыл бар. Алардын ичинен Катыраң, Бешкент айыл аймактары таза сууга муктаж.

Маалым болгондой, буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы облус аймагында 2025-жылга чейин таза суу көйгөйүн чечүүгө чет элдик долбоор жана насыялардын эсебинен 28 миллиард сом жумшалат деп билдирген.

Эске салсак, буга чейин окурман Элдик кабарга Айбике айылында 20 жылдан ашык убакыттан бери суу түтүктөрү иштебей турат. Айыл тургундары жалгыз булактан суу ичишет деп кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан