Жол кырсыгы көп катталган жерлерге видеобайкоо орнотуш керек. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек-Ош жана башка чоң унаа жолдорунда жол кырсыктары көп катталып, каза болгон адамдардын саны өсүүдө.
“Бишкек-Ош жолунда күнүгө жол кырсыгынан 4-5 адам каза болуп жатат. Видеобайкоолор орнотулса жол эрежесин бузгандар азайып, кырсыктардын алдын алат. Ал эми жол кайгуул кызматкерлери адатынча бурчтарда турат”, - дейт ал.
Жогорку Кеңештин Укук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде “Коопсуз шаар” долбоорунун аткарылышы тууралуу өкмөт маалымат берүүдө.