Кыргыз Республикасында 5 жылдан бери ишке ашпай жаткан “Коопсуз шаар” долбоору Тажикстанда 7 айда ишке киргизилди. Бул тууралуу 14-февралда парламентте “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоорго 85 миллион доллар жумшалып, дале ишке кирбей жатат. Ал эми Тажикстан мындай долбоору үчүн 24 миллион доллар жумшаган.
Ошол эле учурда Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Дамир Сагынбаевдин айтымында, долбоор Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында эле киргизилген.
“Кыргыз мамлекетинде болсо Бишкек, Ош шаарларында жана Бишкек-Каракол унаа жолдоруна бул долбоорду киргизүү керек болгондуктан 84 миллион керектелген”, - деди Сагынбаев.
Жогорку Кеңештин Укук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорунун аткарылышы тууралуу депутаттардын суроолоруна жооп берди.