Чаткал районунда кар көчкү түшүп жеңил унаа кар алдында калды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука-Чаткал-Кировка унаа жолунун 92-чакырымында көлөмү болжол менен миң метр куб кар көчкү түшкөн. Кырсыктан Subaru Legacy үлгүсүндөгү жеңил унаа кар менен кошо 5-6 метр жерге сүрүлүп, карга бир аз басылып калган. Унаада айдоочу гана болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда айдоочу жабыркаган эмес. Окуя бүгүн, саат 14:45 чамаларында орун алган.
Учурда ӨКМнын Чаткал райондук бөлүмү жана "Тез жардам" кызматы кар көчкү түшкөн аймакка жөнөп кетишкен.