Өкмөт БШКны башка имаратка көчүрүүнү карап жатат, укук коргоочулар мындай кадам шайлоо алдында ишенимди жоготот деген пикирде

Өкмөт БШКны башка жакка көчүрүүнү карап жатат. Буга Борбордук шайлоо комиссиясынын бириккен имаратты Жогорку Сот менен бөлүшкөнү себеп болгон. Өз кезинде укук коргоочулар президенттик шайлоо алдында бул кадам негизсиз экенин айтып жатышат.

Конституциядагы Борбордук шайлоо комиссиясынын статусу жөнүндө беренеде "Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнчө административдик имараттан орун алат" деген пункт бар. Өкмөттө ушул мыйзамдан улам БШКны көчүрүү маселеси пайда болгон.

Бул боюнча өкмөткө кат даярдап жатабыз деген укук коргоочу Динара Ошурахунова БШКны президенттик шайлоо өткөндөн кийин көчүргөн оң деген пикирде.

"Борбордук шайлоо комиссиясын президенттик шайлоонун алдында башка имаратка көчүргөнү туура эмес деп ойлойм. БШК өзүнчө имаратта отурушу керек деп америкалык университетти кубалап салган өкмөткө таң калам. Эмнеге Жогорку Сотту бул имаратка көчүрүп жатканда ал норманы карманган жок. Эми макул, көчүрүштү.

Бирок азырынча президенттик шайлоонун алдында БШКны жылдырган туура эмес. Президенттик шайлоодон кийин жылдырсын. Анткени 2015-жылы парламенттик шайлоонун алдында автоматтык эсептөөчү урналарды киргизип, анын серверине БШКнын ичинде атайын жай курулган. Ага канча каражат сарпталды? Серверди жылдырып, кайрадан коомдо жана оппозициянын арасында кошумча критика жана ишенбестик туудурат, анын кимге кереги бар? Андан көрө шайлоого даярданып сервердин иштегенин жакшыртканга убакыт керек. Эмнеге азыр президенттик шайлоо баштала электе, чуу болуп жатканда булар БШКны көчүрөбүз деп жатышат", - деген оюн билдирди.


Борбордук шайлооо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов БШКны көчүрүү зарылчылыгы жок дейт.
"Борбордук шайлоо комиссиясы башка жакка көчүрүлөт деп айтып жатышат, бирок бул маселе бизге талкууга келген жок. Күн тартибине киргизилгенин дагы көргөн жокмун. Негизи талап боюнча БШК өзүнчө имаратта турушу керек.

Мурун өзүнчө болчу кийин эки имарат (Борбордук Азиядагы Америкалык университет иштеп турган кезде) бириктирилип калган. Эки имаратка эки башка жактан кирет, көчүрүү зарылчылыгы деле жок. Эгер БШК башка жакка көчөт деген чечим чыкса муну менен элде ишеним жоголот дегенге кошулбайм", - деди Бекматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан