Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн, 14-февралда Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө миграциялык саясаттагы маселелер талкууланды. "Мекеменин башкы милдеттеринин бири – эмгек мигранттарына жардам берүү, үчүнчү өлкөлөргө кетип жаткан мигранттарга квалификациялуу көмөк көрсөтүү, алардын коопсуздугун жана укугун камсыздоо болуп саналат. Ошону менен бирге тышкы миграция деңгээлин ырааттуу кыскартуу максатында республикада жаңы жумушчу орундарын түзүү керек", -деди Чолпон Султанбекова.
Вице-премьер-министр миграциялык көзөмөлдүн жоктугунан чет жердеги мигранттардын так саны жок экенин айтты. "Этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу маанилүү маселе болуп саналат. Аларга жарандык алууда, ишке орноштуруу, турак жай курууга жер бөлүү, пенсия жана жөлөк пул алууда көмөктөшүү керек. Ошол эле учурда өлкөдө жашап жаткан этникалык кыргыздардын так саны тууралуу маалымат жок", - деди ал.
Жыйынтыгында Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын кызматкерлеринин начар аткаруучулук тартибин, тактап айтканда, мыйзамдарды, ченемдик-укуктук актыларды жана отчёт даярдоодогу жетишсиз ишин атады.
Буга байланыштуу вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова кызмат жетекчилигин өз милдеттерин жана Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы коюлган милдеттерди аткарууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.