Бүгүн, 15-февраль - Рак илдетине чалдыккан балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул майрамды негиздөө демилгеси 2001-жылы Рак менен ооруган балдардын ата-энелеринин бүткүл дүйнөлүк конфедерациясы (ICCCPO) тарабынан көтөрүлүп чыгып, ошол мезгилден тарта майрам катары кабыл алынган. Биринчи жолу бул күн Люксембургда 15-январда өткөрүлгөн, бирок көп өтпөй майрамдын датасын бир айга жылдырышкан. Статистикага ылайык, жыл сайын дүйнө жүзүндө 200 миңге жакын бала рак илдетине чалдыгып, алардын жарымы көз жумат.
15-февралга карата жылнаама