Кар оор түшкөн Чаткалдын 2 айылында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Калың жааган кардан улам Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал жана Каныш-Кыя айылдарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Тийиштүү буйрукка район акими 14-февралда кол койгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматта 11-февралдан бери тынбай жааган кардын кесепетинен Каныш-Кыя жана Чаткал айылдарында кардын көлөмү нормадан ашып, бийиктиги 2 метрге чейин жеткени айтылат. Жолдорго тынбай кар көчкүлөр түшүүдө. Өзгөчө кырдаал ушуга байланыштуу киргизилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу учурда жабык. Жолдун 99-чакырымына 14-февралда саат 16:45 чамасында кар көчкү түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
a.m.akmoldoev
2017-02-16 00:37:22
Чаткал элин ойлогондорго рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан