Сузактын 2 айылынын тургундары мажбур түрдө көчүрүлүүдө

Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу жана Алмалуу-Булак айылдарына электр жарыгын берүү токтотулуп, мектеби жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, бул аталган айылдардын тургундарын башка аймакка мажбурлап көчүрүү аракети.

Аталган айылдар жер көчкү коркунучунда. 2016-жылы болгон жер көчкүлөрдөн кийин элди коопсуз аймактарга көчүрүү аракети башталып, бирок үй салууга бөлүнгөн жер аянттарын трансформациялоо чечими кеч чыкканына байланыштуу Сузак акимчилиги тургундарды аталган айылдарда 2017-жылдын апрелине чейин жашап турууга уруксат берген.

Бирок 2017-жылдын январында жер көчкү процесси кайрадан башталганына байланыштуу район жетекчилиги 8-февралда мурунку чечимин жокко чыгарып элди коопсуз аймакка көчүрүү чечимин чыгарды.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 27-апрелинде Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда жер көчкү түшүп, убактылуу жашоого салынган үйдү басып калган. Жер көчкү түшкөн учурда 3 адам (1 аял жана 2 бала) кашаа тосуп жүрүшкөн. 2000-жылы туулган Урматбек уулу Эрлан көчкүнүн алдында калып, жанында жүргөн аял менен бала качып кетүүгө үлгүргөн. Эртеси көчкүнүн алдынан өспүрүмдүн жансыз денеси табылган.

Мындан 3 күн өткөндөн кийин айылда дагы жер көчкү жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azahan
2017-02-15 09:24:02
Оо Аллах озун сакта асмандан жана жерден келген балеелеринден.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан