Айыл чарба өндүрүшү тармагына 6 пайыздык насыялар берилет

Кыргыз жеринде быйылкы жазгы талаа иштерине насыя берүүгө 7 миллиард сом каралган. Өкмөттүн билдиришинче, насыя 3 жылдык мөөнөткө: мал чарбачылык жана өсүмдүк өстүрүү үчүн – жылына 10 пайыздык үстөк, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнө – жылына 6 пайыздык үстөк менен насыя берилет.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, 2016-жылы 450 миң тоннадан ашык айыл чарба азыктары экспорттолсо, 2017-жылы экспорттун көлөмүн 500 миң тоннага жеткирүү аракети көрүлүүдө.
2017-жылы өлкөгө 260 айыл чарба техникасы алынып келинет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан