Өткөн суткада өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталды. Мындай маалыматты 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 2, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Кечээ, 14-февралда саат 17:30 чамасында Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айылындагы турак үйдүн короосунан өрт чыккан. Натыйжада 250 түк чөп күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.