Малайзияда Түндүк Кореянын башчысынын агасы киши колдуу болуп каза тапты

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын аталаш агасы Ким Чен Нам Малайзиядагы Селангор штатынын аэропортунда өлтүрүлдү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Штаттын полиция өкүлү Фадзил Ахматтын айтымында, аны уулантып өлтүрүшкөн. Учак уча турган аймакта турган Ким Чен Намга белгисиз аял суюктук сиңирилген чүпүрөктү бет жагына алып барып, качып кеткен. Жабырлануучунун көзү ачышып жатканын айтып, жардам сураган. Аны ооруканага алып барышканы менен майнап чыкпай, ал каза болгон.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Нам Куала-Лумпурдан Макаого учмак. Америкалык чалгындоо кызматы анын өлүмүнө түндүк кореялык атайын кызматы жооптуу деген пикирин билдирген. Айрым маалымат булактары кол салган белгисиз аял дагы өлтүрүлгөнүн жазышууда.

45 жашында каза болгон Ким Чен Нам Ким Чен Ындын аталаш агасы. Анын апасы түндүк кореялык актриса Сон Хе Рим. Ал эми учурдагы өлкө башчынын апасы дагы актриса жана бийчи Ко Ён Хи.

Айрым маалыматтар боюнча, Ким Чен Нам Түндүк Кореянын башчысы болмок, бирок 2001-жылы Япониядагы "Диснейлендке" Доминикан Республикасынын жасалма паспорту менен киргендиги үчүн атасынын жолун жолдобой калган. Ошондон бери ал чет өлкөдө жашаган. 2011-жылы ага Макаодо да кол салышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Namystan
2017-02-15 13:17:15
Адаштырбай Ким Чен Ын десенер боло
+3
Namystan
2017-02-15 13:18:44
Булар Ким Чен Ирдин эки аялынын балдары болуп жатпайбы, ошондуктан Ким Чен Ындын аталаш агасы болот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан