Бишкекте 24-29-апрель күндөрү баскетбол боюнча универсиаданын жаштар арасындагы Биринчи Лигасы соңуна чыкты. Анда Бишкек шаарынан жана өлкөнүн аймактарынан келген жогорку окуу жайларынын 16 командасы 4 топко бөлүнүп, мелдеш өткөрдү. Жыйынтыгында 1-орунга Ж.Баласын атындагы Улуттук университеттин командасы озуп чыкты. Ал эми И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин спортчулары 2-орунга, 3-орунга Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын баскетбол командасы татыктуу болду.