2016-жылы 13 миң тонна пахта Кыргыз өлкөсүнөн экспорттолгон. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр-жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө кампаларда экспортко даяр пахта бар. "Пахтанын көбүн Орусия сатып алууда. Пахта вагон менен эмес, фура жана унаа менен ташылып жатат", - деди министр.
Депутат Тынчтык Шайназаров эгер өлкөдө пахта иштетүүчү завод курулса, 15 миллион доллар үнөмдөлмөк. "Мындай заводду курууга 5 миллион доллардан жогору акча каражат кетет экен. "Пахта иштетүүчү завод иштеп баштаса, өлкө миллиарддаган акча киреше таап баштайт" деп мага кайрылган жеке ишкерлер айтышты", - деди депутат.