Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 14-февралда Жаркынай аттуу Кыргыз жараны менен жолугушту. Жаркынай "айрым ММКлар "Түркияда киши колдуу болуп каза тапты" деп жазышкан", - деди.
Элчи менен жолугушууда ал өзү тууралуу ММКларга тараган маалыматты 13-февралда билип таң калганын, дароо жакындарына телефон чалып аман-эсен экенин кабарлаганын айтты. Мындай маалымат таратууга кимдер кызыкдар экенин билбейт. Азыркы учурда Кыргыз жеринде жакындары жалган маалымат тараткандарды издеп жатышат. Буга байланыштуу милицияга арыз жазууну көздөшүүдө.
Белгилей кетсек, 13-февралда социалдык түйүндөрдө жана ММКларда Түркияда каза тапкан кыргыз кызы тууралуу маалымат тараган. Түркиядагы Кыргыз элчилиги бул такталбаган маалымат экенин SUPER.KG порталына ырастаган эле.