Австралиянын Мельбурн шаарынын тургуну лотерея ойноп, эки жолу утуп миллионер болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Ал 4-февралда лото ойноп, бир санды жаңылыштык менен эки жолу тандап койгон. Жыйынтыгы жарыяланганда, тургун 2 жолу 1 миллион доллардан утуп алганын билген.
"Алгач мен 1 миллион доллар утуп алганыма сүйүнүп, диванда жаткам. Бир сааттай убак өткөндө башка билеттеримди текшербегеним эсиме түштү. Мен башка билетти карап, бир эле санды эки билетке тең койгонумду көрдүм. Эки эмес, бир жолу утам деп ойлогон да эмесмин", - деген жеңүүчү.
Тургун 2 миллион долларга жетпеген каражат утуп алган. Салыкты төлөгөн соң үй, Феррари унаасын сатып алып, жумушунан дүйнөнүн 7 кереметин көрүү үчүн убактылуу кетүүнү пландап жатканын айткан. Буга чейин ушул эле Мельбурнда турган аял 2013-жылы эки лотерея сатып алып, башкы байгени эки ирет утуп алган.