"Кыргыз өлкөсүнүн ветеринардык тармагы 25 жыл ичинде талкаланып бүткөн", - деди бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи-вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Анын айтымында, акыркы жылдары бул тармакта иш жакшы болду. "Эгер бул ишти улантсак, жакшы өзгөрүүлөр күтүлөт. Мамлекет малды вакцинациялоого 2016-жылы акча каражат бөлүп берген. Оорулардан куткаруу боюнча иш жүрүүдө. Лабораторияларды куруу, мал союучу жайларды куруу, малдын ден соолугун чыңдоо боюнча чоң иштер жүрүш керек", - деди чиновник.