ЖЫЛНААМА, 15-ФЕВРАЛЬ: 70 жыл мурун СССРде советтик жарандардын чет өлкөлүктөр менен никеге туруусуна тыюу салынган

Мындан 70 жыл мурун, 1947-жылы 15-февралда СССРде "СССРдин жарандары менен чет өлкөлүктөрдүн никеге туруусуна тыюу салуу жөнүндө" Жогорку Советтин Президиумунун указы чыккан. Анда "Чет өлкөлүктөргө турмушка чыккан биздин аялдар мамлекетибизден алыс болуп, дискриминацияга кабылып, өздөрүн жаман сезип жатышат" деп жазылган.

Бирок чындыгында бийлик башка нерседен корккон. СССРде улуттар аралык никеге каршы күрөшүү Улуу Ата Мекендик согуш учурунда эле башталган. Себеби ошол мезгилде аскерлер жана аялдар согуш болгон аймактарда (Чыгыш Евпропа өлкөлөрүндө) жана басып алынган өлкөлөрдө үй-бүлө курушкан. Натыйжада согуш бүткөн соң аскерлер мекенине үй-бүлөлүү болуп кайтып, СССРде жалгыз калган аялдар көбөйгөн. Ал эми медайымдар жана учкуч айымдар чет жерде турмушка чыгып, жолдоштору менен ошол жакта калышкан.

Кийин Советтер Союзу таркагандан кийин гана чет өлкөлүктөр менен никеге турууга эч кандай чектөөсүз уруксат берилип, жадакалса популярдуу боло баштаган.

15-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан