Депутат Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин үстүнөн спикерге арызданды

"Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери депутат сүйлөбөй турса да, ага бөлүнгөн убакыттын секундомерин токтотпой жатышат", - деп бүгүн, 15-февралда парламенттин жыйынында депутат Улан Примов төрага Чыныбай Турсунбековго арызданды.

"Депутатка сөз сүйлөөгө 2 мүнөт бөлүнөт. Ал сүйлөбөй жооп угуп турганда, убакыт токтотулбай жатат. Депутаттар аппараттын кызматкерлерине "секундомерди токтотуп тургула" деп дайыма айтып турушат. Бирок кызматкерлер "депутаттар эптеп тезирээк сүйлөп бүтүшсүн" деген мамиле жасагандай. Аларга чара көрсөңүз", - деп кайрылды спикерге Примов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Keremet008
2017-02-15 12:07:57
А Улан ага эми суйлой баштапсыз. БИрок сиздей сооп иштерди жасаган эр азаматтарыбыз кобойо берсин ылайым. Оорубаныз уйунузго ынтымактык каалайм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан