Бишкекте каракчылыкка шектелген Орусиянын жараны изделүүдө

Бишкекте каракчылыкка шектелген Орусиянын жараны изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1965-жылы туулган Максим Яковлев Орусиянын жараны. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "каракчылык", "автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу" жана "өзүм билемдик" беренелери боюнча айыпталууда. Аны камакка алуу чечими чыгып, эл аралык издөөгө алынган.

Эгер кылмышка шектүүдөн жабыркагандар же анын жүргөн жери тууралуу маалыматтар болсо, 0553 102-651, 0551 102-278 жана 102ге чалып кабарлап койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан