Экономика министринин орун басары 2016-жылы экспорт 5,1 пайызга өскөнүн айтты

Былтыркы жылы жалпы экспорт 5,1 пайызга өсүп, 1 миллиард 544 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда өтүп жаткан форумда экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдирди.

Ал экспортту жогорулатуу маселеси каралып жатканын айтты. “Лаборатория сапат үчүн гана керек. Ансыз экспорт жүрбөй калат деген туура эмес. Экспорттолгон товарларга эмес, импорттолгон товарлар үчүн лаборатория куруубуз керек”, - деди Сазбаков.

Эске алсак, “ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстер” аталышындагы эл аралык форум өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан