"Ош" базарында ветеринардык документи жок чочко этин саткандарга айып салынды
Ош базарында эт саткан соодагерге айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын инспекторлору тарабынан атайын рейд жүргүзүлүп, Ош базарында ветеринардык документтери жок чочко этин саткан сатуучу кармалды. Кармалган соодагер этке тиешелүү документтерин көрсөтө алган эмес. Жыйынтыгында сатуучуга 2 миң сом административдик айып салынды", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу багытында учурда күн сайын базарларда көзөмөлдөө күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатат деп айтылат маалыматта.
чочколорду туп тамыры менен орттоп комуп жок кылып койсо жакшы болмок,арам этти жеп,адамдар ыймандан алыс тозоко карай агылганча
+3
palina
2017-02-15 16:09:50
Орустар эле жесе керек ээ бул этти.
0
Nurdan1112
2017-02-15 16:22:02
Арам
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-02-15 19:41:34
Канжалатып жерге суйроп мусор салган арабаларга салып ташып журушотго эттерди корсон жиийркенесин адам жеп атат аны бекер эмес акчага сатып алышат кичине тазараак сойуп алып келип сатышса жакшы болмок.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.