Бүгүн, 15-февралда Ошто Ооганстандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 28 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинен билдиришти.
Маалыматка караганда иш-чарага шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Зулимов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри З.Аскаров, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Махамадов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Афган согушунун ардагерлери катышышты.
Анда Баткендеги жана Ооганстандагы согушта курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюлду. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ооган согушунда курман болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен бирге, ардагерлерге Ардак грамоталарын тапшырды.