Токтогул районунда кардын калыңдыгынан улам мектептин чатыры урап калды

Токтогул районунда кардын калыңдыгынан улам мектептин чатыры урады. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Торкен айыл аймагынын Көтөрмө айылында калың жааган кардан №18-Чокоев атындагы орто мектебинин чатыры ураган. Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде изилдөө иштерин жүргүзүү максатында жөнөп кетишкен. Аталган аймакта болжол менен 50 сантиметрге жакын кар жааган.

"Мектептин чатырына жааган кар буга чейин тазаланбагандыктан жыгачтары көтөрө албай чатыр урап калган. Жабыркагандар болгон эмес. Учурда келтирилген чыгымдар такталууда. Мындан сырткары Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айылында жайгашкан “Кыргызтелеком” ишканасынын райондук филиалынын имаратынын чатыры калың жааган карды көтөрө албай урап калды ", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mekush87
2017-02-15 15:57:22
Байкуш Нарындыктарга баа берем.Неге ал жакта чатыры тушпойт,жолдо машина журбой калды деп даттанышпайт,каар калын жаап салды олдук не кылабыз дешпейт?
-5
admin_portal
2017-02-15 16:50:38
Nurdan1112, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз. Эскертүү!
+1
Parish
2017-02-15 20:30:32
Куроп туруш керек да акыры мекткпте жумушчулар бардыр
куноо оздорундо.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан