Мегаком компаниясынын мобилдик интернети иштебей жатат. Мындан сырткары абоненттерди колдоочу *500 колдоо кызматынын номери да өчүк болууда. Бул тууралуу Твиттер колдонуучулары жазып жатышат.
Мегаком байланыш операторунун өкүлү 15-февралда SUPER.KG порталына билдиргендей компаниянын кээ бир кызматтарында 40 мүнөттөн бери техникалык мүчүлүштүк болуп жатат.
"Саат 13:00дөн кийин жабдуулардагы аварияга байланыштуу абоненттер уюлдук телефонду өчүрүп жандырууда же 2/3/4G режимдерин алмаштырууда кыйынчылыктар байкалды. Бирок чалуулар жана Мегаком ичинде смс жиберүү мурдагы режимде жүрүүдө. *500 линиясына техникалык жактан күч келип жатканына байланыштуу, абоненттерди колдоо кызматына чалуу убактылуу мүмкүн болбой жатат. Азыркы тапта адистер мүчүлүштүктөрдү тез арада жоюу боюнча иш алып барышууда. Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз", - деп билдирет Мегаком компаниясы.