АКШда унааны уурдаган тургун ичиндеги сөөктөн коркуп аны кайтарган

Калифорниянын тургуну өлүккананын 2 унаасын уурдаганы үчүн кармалды. Ал биринчи уурдалган унаадан адамдын сөөгүн таап алып, аны кайтарган. Бул тууралуу Los Angeles Daily News жазып чыккан.

Окуя 12-февралда Риверсайд шаарында орун алган. Жергиликтүү өлүккананын айдоочусу сөөктү унаага салып, аны ачкычы менен калтырып, документтерди алганга имаратка кирип кеткен. Ууру ошол замат унааны айдап качкан. Ичинен сөөктү көрүп, кайра кайтып барып, ошол эле мекеменин башка унаасын уурдоого аракет кылган. Бул ирет аны өлүккананын кызматкерлери жана биринчи уурдалган унаа боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан полиция кызматкерлери артынан түшүп кармап калышкан.

"Полиция өкүлдөрүнүн айтымында, ага сөөк уурдоо боюнча айып коюлбайт. Себеби ал атайын уурдаган эмес. Бирок эки жолу унаа уурдаганы үчүн жооп берет", - деп жазган басылма.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tyty1990
2017-02-15 16:45:17
Хе хе кайгы жокто кайненем олуптур болуптур да
-2
kushtari
2017-02-15 23:42:44
хахаго ушунча уурдаганга жараша соокту ары жака таштап койсо болмок екен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан