СУПЕРСТАН: "Жолдошумду сүйө албай келем"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жолдошумду сүйө албай келем" деген тема талкууга алынууда.

Темада автор: "Жашым 22де, бир баланын энесимин, жолдошумдун колунан баары келет, менден 6 жаш улуу. Бирок мен жолдошумду сүйө албай келем. Экөөбүз жаңы таанышканда эле ал мага жакчу эмес, анын үнүн укканда урушкум келе берчү. Бирок минтип жолдошум болуп каларын билген эмесмин. Жаңы турмушка чыкканда аябай кыйналдым көнө албай, анан бат эле боюмда болуп калды, кош бойлуу кезде да жолдошумду аябай жаман көрдүм. Төрөгөндөн кийин сүйүп кетем го дегем, бирок... Күйөөм "сен мени сүйбөйсүң, муздаксың" дей берет, ал анткен сайын өзүмдү жаман сезем. Жашоомдун акырына чейин ушундай болуп калабы деп корком. Үй-бүлөмдү сактап калгым келет, ажырашкым келбейт", - деп кеңеш сураган.

Буга жазылган жооптордон:

"Баарына сабыр кылыңыз, үй-бүлөдө сүйүү эле эмес, сыйлоо, барктоо менен деле жашаса болот. Баары эле сүйгөнүнөн эмес, бири-бирин түшүнүп, сыйлап жашашат. Бир балаңыз болсо, жакшы жашоо үчүн күрөшүңүз".

"Мен да сүйчү эмесмин, күндө уруш чыгарчумун кетем деп. Анткени турмушка чыккыча аны бир да жолу көргөн эмесмин. Көнө албай, акыры турмушту сактап калуу максатында аскерге эс алууга жибергем. Бир жыл өттү арадан, сүйөт экенсиң, сагынат да экенсиң, ортону аралык бөлүп турганда".

"Тыз эткен сезим болбосо да жашаш кыйын. Автор, мүмкүн, бир азга башка жакка жөнөтөрсүз жолдошуңузду. Ошондо билинер ким кимди сүйөрүн".

"Автор, жөн эле жашай бер, азыр сүйүү глобалдуу маселе эмес, сүйбөсөң эч нерсе болбойт, мээрим, ырайым деген эң сонун сезимдер бар, ошол сезимдер менен жеңип кет. Эмне, баш кошкондун баары эле сүйүшөт деп ойлойсуңбу?"

"Күйөөңдү аяп кеттим, жолдошуңдун баркын биле элек окшойсуң, башка адам сени жолдошуңдай барктай алабы, ошону ойлонуп көр. Жолдон адашпа, кийин өкүнгөнүңдө, өтө кеч болуп калат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulim_zamujem
2017-02-15 16:25:05
Мен жумуштан бир саат кечиксе жиним келип урушкум келип калат демек мен суй..гоо!!!
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан