Улуттук гвардиянын кол башчысынын үч орун басары кызматтан бошотулду

Улуттук гвардиянын кол башчысынын үч орун басары кызматтан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу 15-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы кол койгон буйрукка ылайык, КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын уюштуруу-штаттык түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу кол башчынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы Мирбек Имаев кызматтан бошотулду. Мындан сырткары кол башчынын орун басарлары Айбек Жумабаев, Исламбек Кенжекулов ээлеген кызматынан бошотулушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан