ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы алмашты. Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу 15-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Элнура Корчуева ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы кызматынан бошотулду. Анын ордуна Сабира Солтонгелдиева дайындалды.