Ошто үчүнчү көпүрөнүн курулушуна капсула салынды

Бүгүн, 15-февралда Оштогу Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн курулушуна капсула салынды. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаардыктар катышты. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Айтмамат Кадырбаев үчүнчү көпүрө Навои жана Түштүк чыгыш кичи районунда салынган эки көпүрөдөн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен салынып жаткандыгын билдирди.

“Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген бул көпүрө үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинде тургузулуп жатат. Узундугу 45 метр болгон көпүрөнүн тендердик баасы 21,2 миллион сомду түздү. Үчүнчү көпүрөнүн курулушу үстүбүздөгү жылдын июль айында аяктайт. Ош шаары үчүн эле эмес, бүткүл кыргыз эли үчүн кызмат кылган, достуктун, ынтымактын көпүрөсү болсун деп тилек кылып капсуласын салдык”, - деди мэр.

Ал эми шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, курулуш материалдар, көпүрөнүн сапаты бир нече кызматтар тарабынан тынымсыз көзөмөлгө алынат.

Белгилей кетсек, Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген үчүнчү көпүрөнүн сметалык баасы 38 миллион сом, ал эми тендердик баасы 21,2 миллион сом. Жалпы узундугу 45 метр, унаа жүрүүчү бөлүк 7 метр, ал эми туурасы 15 метр болот. Курулуш иштери “Сутранспромжилстрой” компаниясы тарабынан жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
omka100514
2017-02-15 18:33:06
Ушул көпүрөнү жакшы кылды, эң керектүү жерге курулуп жатат
0
-Sumitra-
2017-02-15 18:55:11
Оштун каеринде экен?
0
rukopashnik
2017-02-15 19:55:44
-Sumitra-,гор.баняга жетпей
0
Doni99
2017-02-15 20:54:18
orkundop os Osh shaarym
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-02-15 19:32:16
Мелистен каламбы дегенго жакшы иш баштаптыр
+2
kamchatka
2017-02-15 19:52:21
Капсула эмес таблетка салды дешди эле!
-5
Ulan2601
2017-02-15 20:19:15
Оштун мэрлери негизи жакшы иштешет Бишкеке да ушундай иштей турганы керек
+13
nur_zhoni
2017-02-15 21:13:19
Мага жакбаган жери навои деген жери болду калганы жакшы атын озгортуп манас барпы алыкул чынгыз жана башка деп койсо соонун болот эле
+10
Firdaus-Muslim
2017-02-15 22:01:01
Жакшы жаңылык! Ушинтип жакшы иштер бүтө берсин.
+2
aa93
2017-02-15 23:09:42
Биз барганча бутуп калып, Ошту тааныбай калсак эле)).
+1
momun74
2017-02-15 23:28:44
Ош шаарымды сагындым!
+4
lucky_star
2017-02-15 23:32:59
Негизинен жакшы иш, бирок мурдакы копуролордон уномдобой, жакшы сапаттуу копуродон курушса болмок, курган копуросунун ар жеринен суу агып,эптемей эле буткон.
+1
lucky_star
2017-02-15 23:37:34
Мисалы Мелис Мырзакматов жасаган иштердин баары сапаттуу, кооз жасалган, копурого келгенде жарым бутуп калганда мер алмашып, эптеп эле копуро аты бар болуп бутту
+3
altyn7776
2017-02-16 00:06:48
Капсуласы жок эле баштай беришпейби?! Каерде болбосун шаан-шокот кылып, ашыкча чыгым кылат чондор... Бекер жеп-ичип келиш керек
+3
ekaterinburg
2017-02-16 07:45:14
altyn7776,капсула керек созсуз.Тарыхка керек.Менимче ошол капсулада баары жазылат,ким,качан,каерде...
0
sherzatik
2017-02-16 01:57:03
Албетте жакшы иш болуп жатыптыр)дагы ушундай иштер улана берсин!!!Алга Ош шаары дегеле Кыргызстан Алга!!!
+3
Sayragul
2017-02-16 13:14:37
Цифровой каналдар, санариптик корсотуудо сапаты ото томон, коруп жатканында токтоп калып, кечээтен бери таптакыр корсотпой жатат. Жада калса олконун эн башкы каналы корсотпой калат.
+1
baltabai
2017-02-17 12:17:32
Ош
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан