"Дордойдун" өкүлү базардын абалы боюнча мэр Албек Ибраимовдун сөзүн жалганга чыгарды

"Дордой" базарында 2016-жылы 6 миң контейнер жабылганы жөнүндө маалымат жалган. Бул тууралуу 15-февралда Бишкекте өткөн форумда "Дордойдун" профсоюз комитетинин төрайымы Дамира Дөөлөталиева билдирди.

"Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында мындан 1 ай мурда пайда болгон "Дордой" базарындагы 6 миң контейнердин соода азайгандыгына байланыштуу жабылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Көптөгөн ишкерлер жаңы жыл алдында 2-3 аптага өргүү алат, бул учурда контейнерлердин бир бөлүгү жабылат", - дейт Дөөлөталиева.

"Дордой" базарында 6 миң соода түйүнү жабылганын 2017-жылдын 25-январында Бишкектин мэри Албек Ибраимов билдирген. Базарда соода түйүндөрүнүн жабылышына тигүү тармагында иштегендердин жана алып-сатуу менен алектенгендердин азайышы себеп болгону айтылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mayrambek.Kalpakov79
2017-02-15 19:48:53
Дордой эн сонун эле иштеп жатат.
Мисалы мен Жунхай базарында иштейм Кудайга шугур баары жакшы.
Албек Ибраимов адамдарын жонотуп Жунхайдан ижарага контейнер сурап корсунчу табат бекен. Тапса издегендер аябай коп айтып коюшсунчу сураныч. Алдын ала чон рахмат.
+6
Dadin2
2017-02-15 21:23:55
Бул Албектин козу Дордойго тушкон же Дордойдун кожоюнуна мен Мэрмин мага откат бересин деген намегу окшойт.
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-02-15 22:54:51
Мерлер базарга барбаса кайдан билсин Бишкек шаарында жоо адам баскан жолдор мууз болуп баса албай жормолоп калдык ушуга бир карап койсонуздар урматтуу мэр
+6
Kairat.96
2017-02-16 01:04:54
Дордойдун доору баары бир баштагыдай эмес.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан