Чаткал районундагы жолдорду тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына ӨКМнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.
"Учурда Чаткал өрөөнүндө кардын калыңдыгы 2 метрдин тегерегинде. Кардын мындай жаашы бул аймакта адаттагы көрүнүш. Ошентсе да жолдорду тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Учурда Чаткалда ӨКМнын 10 кубаттуу техникасы иштеп жатат. Айыл эли ачка калып, чын эле кооптуулук жаралса министрлик ар тараптуу жардам көргөзүү аракетин көрөт. Бирок абал андай эмес. Учурда Каныш-Кыя, Чаткал аймактарына киргизилген өзгөчө кырдаал тартиби алынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин окурман Элдик кабарга "Бизге жардам керек! Чаткалдагы Ак-Таш айылында 3 метр жааган кардан улам свет өчүп, эл ачка калды" деп билдирген.